• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Май алмаштыруучу жайларда өрт коопсуздугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Май алмаштыруучу жайларда өрт коопсуздугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы автоунааларга май куюучу (АЗС) жана автоунаалардын майларын алмаштыруучу жайларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган жайлардын ээлерине, кызматкерлерине жогорудагы өрт кооптуу обьектилердеги өрт коопсуздук чаралары, баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонуу тартиби боюнча маалыматтар берилди.

Пикир

Оставить комментарий