• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Май куюучу жайларда бензин куйган бир эле кызматкер иштеши керек - вице-премьер

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Май куюучу жайларда бензин куйган бир эле кызматкер иштеши керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, май куюучу жайлар коронавирус илдетин таратуу боюнча кооптуу аймакка кирет.

"Анткени автоунаага бензин куюп жатканда май куюучу "пистолетти" кармайбыз. Анан ал колдон колго өтөт. Дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп турбаса, бир адамдан экинчиге жугуу коркунучу бар. Күйүүчү май куюучу жайларга талаптарды койгонбуз. Ага ылайык, май куюучу жайларда бир эле адам "пистолет" менен иштеши керек. Өзү коргонуучу кийимдерди кийүүсү талап кылынат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1002ге жетти. Алардын ичинен 232си медицина кызматкери. Илдеттен 675 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-майда саат 24:00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет.

Пикир

Оставить комментарий