• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Май майрамдарына байланыштуу кыргызстандыктар 5-9-май аралыгында эс алышат

Коом 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Май майрамдарын майрамдоого байланыштуу кыргызстандыктар 2017-жылы 5-майдан 9-майга чейин эс алышат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КРнын Эмгек кодексинин 113-беренесине, “КРнын Өкмөтү тууралуу” КРнын конституциялык мыйзамынын 10-17-беренелерине ылайык, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында КР Өкмөтүнүн жумушчу күндү жылдыруу тууралуу токтомуна кол койду.

Токтомго ылайык, жумасына 2 күн эс алып, 5 күн иштеген мекеме, уюм, ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылы 8-майдагы жумушчу күнү 2017-жылы 13-майдагы жумушчу эмес күнгө жылдырылат.

Ошентип, 2017-жылы 8-май жумушчу эмес күн деп жарыяланганына байланыштуу кыргызстандыктар 5-майдан 9-майга чейин эс алышат.

2017-жылдын 13-майы жумушчу күн деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий