• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Маянаңарды кыркабыз!" Төрага жыйынга катышпаган депутаттарга эскертүү берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүндөн баштап жыйынга катышпаган депутаттардын маянасы кармала баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйын учурунда билдирди.

Шакиев эл өкүлдөрүн тартипке чакырып кетти.

“Урматтуу депутаттар, ушул жумадан баштап тартипти өзүбүздөн баштайлы. Катталып коюп, ишке келбей койгон депутаттарыбыз жок эмес. Жүйөлүү себептери жок келбей жүргөндөр дагы бар. Эмгек кодексине ылайык, сегиз сааттык иш тартибин талап кылабыз. Бүгүндөн баштап ар кандай шылтоолор менен жыйынга катышпаган депутаттардын эмгек маянасын кыркабыз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий