• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Майдан айылынын тургундары Шамбесай кенин изилдөөгө келген комиссиянын ишине тоскоолдук жаратышкан – ИИБ

Аймак 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. 23-октябрда Майдан айыл аймагында жайгашкан Шамбесай алтын кенин изилдөө үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү келишкен.

“Кабар” агенттигине Баткен облусунун ИИБнен кабарлашкандай, комиссиянын мүчөлөрү жерди изилдөө үчүн суу жана топурагынан бир аздан алышкан.

“Бирок аны эл туура эмес түшүнүп, “мурда эле текшергенсиңер” деп ар кандай тоскоолдуктарды жаратты. Абалды Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмүнүн милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду. Келген эксперттерге тоскоолдук жараткан жарандардан милиция кызматкерлери келген делегацияны алып чыгып кетишкен. Жабыркаган адамдар болгон жок”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий