• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Майк Помпео менен Владимир Путин Сочиде жолугушту

Дүйнө 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Сочиде 14-май күнү кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу аяктады.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулду. Путин менен Помпео Сирия, Ливия, Венесуэла, Түндүк Корея маселелерин, мындан тышкары Орусия менен АКШнын ортосундагы ракеталык куралдануу жөнүндөгү келишимди талкуулашты.

Украинадагы кырдаал жөнүндө сөз болгон эмес. Ушаков “сүйлөшүү өтө ийгиликтүү болбосо дагы иштиктүү маанай байкалганын” билдирди.

Жолгушууга Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров, Ушаков жана тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин катышты.

Америкалык тарап жолугушуунун жыйынтыктары боюнча комментарий бере элек.

Жолугушуунун алдында Путин мамлекеттик катчыга АКШ менен мамилени жандандырууну каалай турганын, бул үчүн бардык шарт түзүлүп жатканын айтты. Орусия президенти атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүн объективдүү деп атап, АКШда өткөн президенттик шайлоодо Орусия тараптан “мамлекеттик деңгээлде” кийлигишүү болбогонун атап өттү.

Буга чейин Лавров менен Помпео жолугушуп, анын жыйынтыгында бирдиктүү маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Тараптар Вашингтон менен Москва ортосунда бир катар пикир келишпестиктер бар экенин, бирок 14-майдагы сүйлөшүүлөр эки тараптуу алакаларды жакшыртууга карай жасалган кадам экенин белгилешкен.

Помпео менен Лавров экөө бир катар маселелерди, анын ичинде өзөктүк куралдан арылууну, Иран менен болгон өзөктүк келишимди, Тегерандын аймактагы аракеттерин, Венесуэладагы кырдаалды жана башка эл аралык маселелерди талкуулашканын кошумчалашкан.

Бул АКШ мамлекеттик катчысынын Орусиядагы алгачкы сапары.

Пикир

Оставить комментарий