• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Майлуу-Суу мектептеринде профилактикалык иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Майлуу-Суу мектептеринде профилактикалык иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери тарабынан шаардык мэрия, билим берүү жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан, ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга үндөштү. Аларды кышкы суук мезгилдерде түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыкпоого жана жол эрежелерин так сактоого чакырышты.

Ошондой эле коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучуларга санитардык нормаларды сактоо зарылдыгы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий