• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Майлуу-Суу шаарында болжол менен 1 метрге чейин 1 750 000 м3 жер сүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. 2017-жылдын 15-мартында саат 8:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Восточный көчөсүндөгү колоттун баш жагынан болжол менен 1 750 000 м3 жер сүрүлүп 1 метрге чейин отурган. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

ӨКМ билдиргендей, натыйжада көчөнүн батыш тарабында жайгашкан 8 турак-үйгө кооптуу абал жаралган.

Ошондой эле, Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Көпүрө башы участкасынын Горький көчөсүндөгү № 34,40,45 турак үйлөргө жер көчкүсү сүрүлүп түшүү коркунучу пайда болгондугу маалымдалат.

“2017-жылдын 16-март күнү жер көчкү коркунучу пайда болгон тилкелерде шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жана КР ӨКМнин мониторинг департаментинин башкы адиси, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн улук офицери, КР ӨКМнин Майлуу-Суу шаардык бөлүмүнүн башчысы менен бирге түзүлгөн ыкчам топ тарабынан, жер көчкү коркунучу бар аймактарды жеринен барып көрүп, Горький көчөсүндөгү кооптуу жерде жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жерге токтоосуз көчүрүп чыгаруу жана Восточный көчөсүндөгү 6 үй-бүлөнү көзөмөлгө коюу зарылдыгы боюнча жергиликтүү шаардык мэрияга эскертме берилди”, - деп билдиришти ӨКМ басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий