• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Майлуу-Суу шаарындагы таза суу көйгөйү жыл аягына чейин чечилет - Сыргабаев

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарындагы таза суу көйгөйү жыл аягына чейин чечилет.

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен өткөн жолугушууда билдирди.

Майлуу-Суу шаарынын таза суу долбоору 2017-жылы башталып, жалпы наркы 7 миллион 200 миң еврону түзөт. Облус өкүлү Европа өнүктүрүү банкы аркылуу жасалып жаткан таза суу долбоорунун жүрүшү көзөмөлдө экенин билгилеп, маселе жыл аягына чейин толук чечилээрин айтты. Долбоор аркылуу шаардын эски таза суу ситемасы жана курулмалары реконструкцияланат.

Президенттин өкүлү менен болгон жолугушууга Майлуу-Суу шаарынын 100дөй тургуну катышып, шаардагы медициналык жардам алуудагы кадрлардын жетишсиздиги, нефти ташыган оор жүк унааларынын ички каттамдагы жолдорго зыянын тийгизип, турак үйлөрдү жарактан чыгарып жатканы сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Тургундар шаардын аймагындагы Көк-Таш айылына баруучу көпүрөнүн эскилиги жетип, кооптуулук жаратып жатканын кошумчалашты. Селдин кесепетинен Маданият-Майлуу-Суу жолунун 18-чакырымдагы жолдун абалын калыбына келтирүү маселеси да айтылды.

Облус башчысы шаардагы кооптуулук жаралган объекттер менен буга чейин жеринен таанышканын айтып, тийиштүү кызматтардын жетекчилерине абалды тез аранын ичинде жөнгө салуу тапшырмасын берди. Ыйгарым укуктуу өкүл жыйында айтылган ар бир маселенин үстүндө тийиштүү иштер жүрөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий