• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Майлуу-Сууда 275 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 275 млн 753 миң 195 сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2010-жылдагы токтомуна ылайык, шаар аймагынан Майлуу-Суу электр лампа заводуна жел тилкеси мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Жер тилкесин кайтаруу максатында шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Пикир

Оставить комментарий