• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Майлуу-Сууда 3,5 чарчы метр жер тилкеси мэриянын балансына алынды

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2 млн 859 миң 500 сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Майлуу-Суу шаарынын борборунда орун алган 3 500 чарчы метр жер тилкесине укук тастыктоочу иш кагаздары алынбагандыгы жана мэриянын балансында жок экендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Майлуу-Суу шаарынын мэринин наамына аталган жер аянтын муниципалдык менчикке алуу боюнча сунуштама келтирилип, жыйынтыгында жер тилкеси муниципалдык менчиктин балансына алынды.

Пикир

Оставить комментарий