• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Майлуу-Сууда аз камсыз болгон 810 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 22.01.23. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарында аз камсыз болгон 810 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай иш-чара министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Эмгек министрлигинин шаардык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.

Анда жакыр үй-бүлөлөргө ун, май жана кумшекер түрүндөгү азык-түлүк топтомдору таратылды.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Ал эми 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Кийинчерээк №1 менен №4 отказан жылуулук бере баштаганы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий