• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Майлуу-Сууда баңгизатын сактап жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Майлуу-Сууда баңгизатын сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-январында Майлуу-Суу ШИИБинин Криминалдык милиция кызматынын (КМК) ыкчам өкүлү тарабынан А. аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап, колдонуп жүрөт деген маалымат алынган.

Аталган маалымат боюнча топтолгон материал ошол эле күнү Майлуу-Суу ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Майлуу-Суу ШИИБдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ошол эле күнү болжол менен саат 22:30 чамасында Майлуу-Суу шаарындагы кафелердин биринен Майлуу-Суу шаарынын 53 жаштагы С.А. аттуу тургуну өзү кийип жүргөн кара түстөгү курткасынын оң чөнтөгүнөн 2 даана целлофанга оролгон өзгөчө кескин жыты бар, жашыл түстөгү затын мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен кармалып, калыстардын катышуусунда акт түзүлүп алынган.

С.А. өзү жашап жаткан үйүндө баңгизатын сактап жүрөт деген маалымат болгондуктан, үйүн тинтүүгө уруксат алынып, 2021-жылдын 20-январь күнү калыстардын катышуусунда кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда жалпы салмагы 715 грамм болгон жашыл түстөгү өзгөчө кескин жыты бар (марихуана) баңгизатына окшош затты мыйзамсыз сактап, колдонуп жүргөндүгү аныкталып, алынган заттарга тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен С.А.дан алынган зат марихуана баңгизаты экендиги такталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында С.А. 2 айлык мөөнөт менен камакка алынып, Майлуу-Суу ШИИБинин убактылуу кармаоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий