• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Майлуу-Сууда үч отказан тең иштей баштап, тургундарга жылуулук берилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында №3 отказан иштей баштап, 375 абонентке жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, учурда кезек-кезеги менен үйлөргө жылуулук берилип баштады.

Майлуу-Сууда №3 отказанды кайрадан иштетүү үчүн жаңы 500 метр узундуктагы желим түтүк Майлуу-Суу дарыясына чейин тартылып, суу насосу орнотулган. Ал эми буга чейин 1 миң 234 абонентти жылуулук менен камсыздаган №1 жана 198 абонентке жылуулук берген №4 отказан ишке берилген.

Шаар тургундарын таза суу менен камсыздоо максатында дагы да болсо суу түтүктөрүн эритүү иши жүрүүдө.

Азыркы тапта шаарда жалпы 243 кызматкер, суу ташуу үчүн төрт өрт өчүрүүчү унаа жана бир экскаватор, бир трал, 44 техника кызматкер тартылды.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.

Мындан улам шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан, Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Майлуу-Суу шаарынын аймагына III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий