• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Майлуу-Сууда үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан өткөн аптада үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатындагы семинарлар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия, социалдык өнүгүү бөлүмү жана дин кызматкерлери менен биргеликте билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Студенттер жана жогорку класстардын окуучулары менен жолугушууларда зордук-зомбулуктардын келип чыгуу себептери талкууланып, алардын кызыктырган суроолоруна жооптор берилди. Милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан алыс болууга, мыкты билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салып кошууга чакырышты. Ошондой эле терс көрүнүштөргө күбө болгон учурда милицияга кабар берүү керектигин, топтошуп мушташуулардан алыс болуу зарылдыгын эскертишти", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий