• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Майлуу-Сууда үйлөрдүн жана бала бакчанын короосун сел суулары каптады

Аймак 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам үйлөрдүн короолоруна сел суулары кирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, окуя 19-майда болжол менен саат 23:00дөр чамасында катталган.

Сел суулары ошондой эле “Гаухар” бала бакчасынын айланасын да каптаган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Майлуу-Суу шаардык лампа заводунан 1 КамАЗ, Жашылдандыруу ишканасынан 1 жүктөгүч, КР Генералдык штабынын №30295 аскер бөлүгүнөн 30 жоокер, жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылган.

“Кечээ, 21-май күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде 868м3 сел калдыктары тазаланган. Тазалоо иштери бүгүн улантылат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий