• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Майлуу-Сууда сел өтүүчү канал сел калдыктарынан тазаланды - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында сел өтүүчү канал сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-май күнү ӨКМнин Майлуу-Суу шаары боюнча бөлүмүнүн ыкчам тобу жана ӨКМнин 2-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 17 куткаруучу тартылып, сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында 30 м аралыгы тазаланды. Жалпы 130 м тазаланган.

Иш-чара бүгүн, 9-майда улантылат. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 5-май күнү саат 18:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаары калдык сактоочу жайдын аймагындагы сел өтүүчү каналга сел калдыктары толуп калган.

Пикир

Оставить комментарий