• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Майлуу-Сууда шайлоого карата массалык каттоого туруунун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан атайын жыйын уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Иш-чарага аскер кызматкерлери, врачтар, мугалимдер, социалдык кызматкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө КР президентинин Коопсуздук кеңешинде койгон талаптарын аткаруу, жаңы кодекстердеги коррупция боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештин шайлоосуна карата жарандардын шаар аймагына массалык түрдө каттоого туруусуна көзөмөл кылуу керектиги белгиленди.

Эске салсак, 2020-жылдын 12-апрелинде Майлуу-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий