• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Майлуу-Сууда суицидге барган окуучу баланын ата-энеси арыз жазуудан баш тартышты

Кырсык 0

Бишкек, 7.12.17./Тумара Туратбекова – Кабар/. Майлуу-Суу шаарында 8-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИб басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, өспүрүм 5-декабрда эртең менен мектепке кеткен. Күндүз окууда болуп, кечинде үйүнө келбей калган. Ата-энеси издеп, 6-декабрда гана чон атасынын үйүнүн жанында асылып турган жеринен табышкан.

Баланын ата-энеси арыз жазуудан баш тартышты. Мындан тышкары алар соттук-медициналык экспертиза жүргүзбөй тургандыктарын билдиришти.

“Бала окуган мектепте мугалимдер менен ата-энелер саат 17:00 кийин окуучулар үйүнө келишпесе, мектепке телефон чалып, канчада чыкканын суроо боюнча макулдашышкан. Бирок бул баланын ата-энеси мектепке чалып сурашкан эмес. Анткени ал сабактан кийин спортзалга барчу”, - деп айтышты милициядан. Окуя болгон күнү окуучу спортзалга барган эмес.

Милициядан ЖМКда жарыяланган бул окуучуну мектепте жана мектептен тышкары коркутуулар болгону тууралуу маалыматты четке кагышты.

Пикир

Оставить комментарий