• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Майлуу-Сууда суу бойлой эскертүү белгилери орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Майлуу-Сууда суу бойлой эскертүү белгилери орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жай мезгили башталып, абанын температурасы жогорулаган сайын сууга түшүүлөрдүн саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу Майлуу-Суу шаардык милициясы тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы суу кырсыктарынын алдын алуу максатында сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулду.

Милиция кызматкерлери шаар аймагын аралап өткөн дарыя бойлоруна, көлмөлөргө барышып, жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү. Ошондой эле ата-энелер менен жолугушуп, балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектигин эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий