• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Майлуу-Сууда сууга түшүүчү жайлар көзөмөлгө алынды

Аймак 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарындагы атайын сууга түшүүчү жайлардын, бассейндердин жана атайын көлмөлөрдүн коопсуздук абалы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүү Майлуу-Суу ШИИБдин, ӨКМ жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү.

Бул жагдайда эс алуучуларга талаптарга жооп бере турган шарттарды түзүүнү, былтыркы жылы бассейнге чөгүп каза болгон учурду эскертүү менен куткаруучулардын жаш өспүрүм балдарга катуу көзөмөл жүргүзүү керектиги, келген жарандарга коопсуздук инструкцияларын өтүп маалымат берип туруу боюнча эскертүүлөр бассейндин администрациясына айтылып, тиешелүү АКТылар түзүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин бул багыттагы иш-чаралар ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, Майлуу-Суу суусунун кооптуу бөлүктөрүндө сууга түшүүгө тыюу салган эскертүү тактайчалары орнотулуп, эл арасында түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп келген.

Пикир

Оставить комментарий