• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Майлуу-Сууда токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокерге 1,4 миллион сом чогулду

Коом 0

Бишкек, 03.01.18 /Кабар/. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы Майлуу-Суу шаарында токко урунуп күйүк алып, эки колунан ажыраган катардагы жоокер Руслан Сапарбаевге жардам көрсөтүү уланып жатканын билдирди.

Башкы штабдан билдиришкендей, акча каражаттарын чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке 3-октябрга карата 1 миллион 448 миң 744 сом түшкөн.

Ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлеринин бир күндүк айлык акысы жардам катары эсепке которулду.

“Жакында жабыркаган жоокерге медициналык борбордун дарыгерлери ага бионикалык протездерди орнотуу үчүн кароого келишет”, - деп билдиришти Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан.

Эске салсак, 19-августта С.Р кезмет учурунда көмөк чордонундагы зымдарга тийип, күйүк алган. Аны Бишкекке ооруканага алып келишип, дарыгерлер эки колун чыканагына чейин кесип салууга мажбур болушкан.

Маалым болгондой, окуяны текшерүүдөн кийин аскердик бөлүктүн командири кызматынан бошотулуп, күнөөлүү кызмат адамдары дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Жалал-Абад облусунун аскер прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий