• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Майлуу-Сууда токко урунуп эки колунан ажыраган жоокерге бир протезин бекер орнотуп беришет

Коом 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Майлуу-Суу шаарында токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевге бир протезин бекер орнотуп беришет. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, катардагы жоокер Сапарбаевге жардам берүү үчүн 2 миллион сомдон ашык каражат чогулган. Ошондой эле Бишкектеги жеке менчик медициналык борбор менен бир протезди бекер орнотуп берүү жөнүндө макулдашылган.

Белгилүү болгондой, 3-ноябрда медициналык борбордун дарыгерлери Сапарбаевди барып көрүп кетишкен. Алар жабырлануучунун сол колун карашкан, алардын ою боюнча жоокердин сол колу айыккандан кийин бир айдан соң протездөөгө даяр болот. Анын колу рентгенге тартылып, өлчөмү алынган.

Пикир

Оставить комментарий