• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Майлуу-Сууда жер сүрүлүп, калктуу конушка коркунуч алып келүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 2017-жылдын 15-мартында саат 08:00 чамасында Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Восточный көчөсүндөгү колоттун баш жагынан 700-800миң м3 жер сүрүлүп, 6 турак-жайга 1-2 метр аралык жетпей 10-20 см жер ажырап, 2 үй-бүлөнүн короо-сарайларына кооптуулукту жараткан. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Көпүрө башы участкасында Горький көчөсүндөгү №40 турак-жайдын арт жагынан көлөмү 300-400миң м3 жер сүрүлүп, кооптуулукту жараткан. Андан сырткары, Горький көчөсүндөгү №45 турак-жайдан 20метр ылдый сол жагынан жерден булак суусу чыгып, көлөмү 100-150мин м3 жер сүрүлүп, 1-1,5метр тереңдикте жер көчүп, 1 турак-жайга жана үстү жагындагы 2 турак-жайга кооптуу абал алып келген.

Шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы кооптуу жерде жашаган үй-бүлөөлөрдү убактылуу коопсуз жайга көчүрүү, күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

2017-жылдын 16-мартында КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин адистери жеринде тактоо иштерин жүргүзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий