• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Майлуу-Суудагы калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын абалы канааттандырарлык

Аймак 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарындагы калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын абалы канаттандыраарлык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кайрагач участкасындагы 2017-жылдын 27-апрелинде катталган жер көчкү жана №5, 6, 7, 8,18 калдык сактоочу жайларынын техникалык абалы менен жеринен таанышып чыкты.

Калдык сактоочу жайлар тууралуу КР ӨКМдин Калдык сактоочу жайлар менен менен иштөө агенттигинин директору Дамирбек Кушбаков жеринен маалымат берди.

“Азыркы күндө калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктардын абалы канаттандыраарлык, алардын гидротехникалык курулмалары жумушчу абалда. Калктын өмүрү, ден-соолугу жана айлана-чөйрө үчүн кооптуулук жок, обьектилерде көзөмөлдөө жана мониторинг иш-чаралары регламент боюнча жүргүзүлүүдө. Негизинен, жыл сайын сел өткөзүүчү каналдарды жана сел топтоочу жайларды тазалоо, калыбына келтирүү, технологиялык жолдорду оңдоо, калдык сактоочу жайлардын аномалдуу тилкелериндеги бузулган коргоочу катмарларын жабуу, калыбына келтирүү сыякту иштер аткарылып турат. Биз учурда турган №7 калдык сактоочу жайдын үстүндөгү радиациялык фон 13-16 мкр/саатты түзөт, ал эми салыштыра кетсек, КР аймагындагы табигый орточо радиациялык фон 25 мкр/саатты түзөт”, - деп маалымдады Д.Кушбаков.

Министр З.Аскаров биринчи кезекте дарыянын жээгинде жайгашкан калдык сактоочу жайларды башка коопсуз жайга жылдырууга байланыштуу иш-аракеттерди эл аралык уюмдар, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте алып барууну күчөтүү боюнча аталган агенттиктин башчысына тапшырма берди. “Албетте, бул кооптуу маселе дароо чечилет деп айтуудан алыспыз, бирок эл аралык донорлор менен биргеликте экологиялык кырсыктардын пайда болуусундагы тобокелдигин төмөндөтүү багытындагы иш үзгүлттүккө учурабаш керек”, - деди министр З.Аскаров.

Пикир

Оставить комментарий