• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Майлы-Суу шаарында таш кулоо коркунучу жоюлду (фото)

Аймак 0

Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу – Сары-Бээ ички чарбалык унаа жолунда таш кулоо коркунучу жоюлду. Азырынча жол бир тараптуу ачык, деп кабарлады Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Эске салсак, 17-январда чарбалык унаа жолунун ПК 6+40 тилкесиндеги жолго түшүү коркунучу жаралган 50м3 көлөмдөгү ташты жардыруу иш-чаралары башталган.

Бүгүн тийиштүү иштер уланып, натыйжада 120 кубометр таш түшүрүлүп, аны тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий