• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Маймак" темир жол станциясында ЕАЭБдин алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункт иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районунда жайгашкан “Маймак” темир жол станциясында Кыргыз Республикасына темир жол транспорту менен товарларды ташып киргизүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункту иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Буга байланыштуу, "Маймак" станциясына темир жол транспорту менен товарларды алып келүүчү импорттоочулар андан ары салык салуу жана башкаруу үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан импорттолуучу жүктөргө эсеп жүргүзүүгө жана документтерге белгилөөгө милдеттүү.

Бул пункт КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы токтомунун алкагында иштей баштады.

Пикир

Оставить комментарий