• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маймыл чечеги вирусунун белгилери кандай?

Ден соолук 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Республикалык штаб маймыл чечеги вирусунун кандай белгилери бар экени тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык:

- дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, булчуң эттердин оорусу, далынын оорушу, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу, чыйрыгуу жана чарчоо;
- денеге беттен баштап дененин башка бөлүктөрүнө, анын ичинде жыныс органдарына жайылган майда жарааттар чыгышы мүмкүн;
- майда жарааттар өзгөрүп, карттанып түшөрдүн алдында алды менен ар башка стадияларга өтөт жана суу чечек (ветрянка) же сифилистеги жарааттар сыяктуу көрүнүшү мүмкүн.

“Бул белгилер байкалган учурда үй-бүлөлүк дарыгерге же бейтапканага кайрылуу зарыл, өз алдынча дарыланууга болбойт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий