• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Майрамдан кийин Ала-Тоо аянтынан 11 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 22.03.18. /Кабар/. “Тазалык” МИнын маалыматы боюнча, Нооруз майрамынан кийин Ала-Тоо аятынан 11 тонна таштанды чыгарылган.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 14 даана атайын техника тартылган, алардын ичинен сегизи таштанды ташуучу, экөө универсалдуу (чаң соргуч) трактор жана үчөө суу себүүчү унаалар. Атайын тазалоого 60 жумушчу тартылган.

Ала-Тоо аянты боюнча 16 чоң желим челек жана 10 темир евро контейнер орнотулган.

Жумуш таң заарда башталып, түнкү саат 12лер чамасында бүткөн.

Пикир

Оставить комментарий