• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Майрамдан кийин Ала-Тоо аянтынан 3 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 01.01.20. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамдан соң, 3 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң эртеден тарта нөөмөттө турушкан.

Жалпысынан аянтты тазалоого 60 жумушчу жана 5 атайын техника тартылып, 20 куб таштанды чыгарылган. "Тазалыктын" кызматкерлери аянттагы таштандыларды түнкү саат үчкө чейин тазалашкан.

"Ала-Тоо" аянтынын аймагында кошумча 20 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнерлер коюлган.

Пикир

Оставить комментарий