• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Майыптар конвенциясын ратификациялоо экинчи окууда жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция Башкы Ассамблеянын 2006-жылдын 13-декабрындагы 61/106 резолюциясы менен кабыл алынып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Ошону менен бирге, бир эле мезгилде Конвенцияга карата Факультативдик протокол да кабыл алынган. Анын негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, ошондой эле аларга тиешелүү аброюн сыйлоого артыкчылык берүү менен камтылган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлүнүн айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181 миң адамды түзгөн же Конвенцияга кол койгон учурдан тарта алардын саны 39 миң адамга көбөйгөн.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет, анын ичинен иш-чараларга – 1 млрд 575 млн сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга – 5 млрд 72 млн сом керектелет.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 181 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын басымдуу бөлүгү эрезеге жетелек балдар болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий