• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Макаодогу жарышта 16 унаа кырсыкка кабылды

Дүйнө 0


Бишкек, 22.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Макаодо FIA GT дүйнө чемпионаты учурунда 16 унаа кырсыкка учурады. Бул тууралуу Eurosport билдирди.

Кагылышуу жарыш башталганда болуп, ага Даниэль Хункаделья аттуу айдоочу тар бурулуштан батпай, дубалды сүзүп алуусу себеп болгон. Аны эки унаа сүзүп алган. Кагылышкан унаалар трассаны тосуп алып, аларды 13 жарыш унаасы сүзүп алган.

Авариядан кийин турнир токтотолган.

Унааларды крандын жардамы менен алууга туура келди.

Жарышты төрт гана унаа уланткан.

Пилоттордун эч кимиси жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий