• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Македония президенти мамлекеттин атын өзгөртүү келишимине кол койбойт

Дүйнө 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Македония президенти Гёрге Иванов өлкөнүн атын өзгөртүү боюнча Греция менен келишимге кол койбой турганын билдирди. Анын айтымында, бул Конституцияга каршы келет.

Иванов бул анын акыркы чечими экенин айтты. Президент кандайдыр бир кысымдарга, коркутуп-үркүтүүлөргө моюн сунбай турганын маалымдады. “Мен мындай кыйратуучу келишимди колдобоймун дагы, кол койбоймун дагы”,– деди ал. Македония президенти НАТОго жана ЕБга кирүү үчүн мамлекеттин аталышы өзгөртүү аркылуу соодалашпай турганын баса белгиледи.

Буга чейин Македония менен Греция мурдагы югославиялык республиканын аталышы тууралуу 27 жылдык талаш-тартыш боюнча компромиске жетишкени кабарланган. Македония премьер-министри Зоран Заев 12-июнда Афина менен Скопье Түндүк Македониянын аталышы боюнча макулдашканын жарыялаган. “Артка жол жок”, – деген Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас.

Заев келишим македониялыктардын этникалык жана маданий иденттүүлүгүн сактай турганын айткан. Ципрастин пикиринде, бул документ Грециядагы Македония провинциясы менен Македония мамлекетинин ортосундагы айырмачылыкты бекемдемек.

Пикир

Оставить комментарий