• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Македония, Сербия: Ошко эл аралык фестивалдын катышуучулары келе баштады – фото

Аймак 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. "Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу эл аралык салтанатына чет өлкөлүк катышуучулар келип баштады.

Аларды Оштун аэропортунан мэриянын өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты. Алгач эле Турция, Казахстан, Македония, Сербия мамлекеттеринен жана Бишкек шаарынан 100 жакын чыгармачыл топтор, музыканттар жана ырчылар келишти.

Айта кетсек, 20-апрелге чейин Турция, Казахстан, Македония, Сербия, Азербайжан, Өзбекстан, Башкыртстан, Тыва Республикасынан 500 жакын чыгармачыл топтор жана расмий коноктордун келиши күтүлүүдө.

Эске салсак, 20-апрелде “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык салтанатынын алкагында "Түрк дүйнөсүнүн этно маданият фестивалы" өтөт.

Анда "Элдик каада-салттар", "Этно музыка", "Этно мода", "Кол өнөрчүлөр", "Улуттук тамак-аштар" көргөзмөсү уюштурулат.

Мындан сырткары, "Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо" эл аралык маданий программасы, Түрк элдеринин "Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү" жана борбордук стадиондо "Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык долбоорунун расмий салтанаттуу ачылыш аземи болот.

Пикир

Оставить комментарий