• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Македониянын парламенти өлкөнүн атын «Түндүк Македония» деп өзгөртүүгө макул болду

Дүйнө 0

Бишкек. 12.01.19 /Кабар/. Македониянын парламенти республиканын атын «Түндүк Македония» деп өзгөртүүгө макул болду.

Парламенттеги 120 депутаттын 81 өлкөнүн атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун колдоп, «макул» деп добуш берген.

Эми Балкан жарым аралында жайгашкан өлкө “Түндүк Македония Республикасы» деп аталат.

Эске салсак, Македониянын аталышына Греция каршы болуп, бул маселе көптөн бери талаштуу болуп келген. 2018-жылдын 17-июнунда Македония менен Грециянын өкүлдөрү мурунку Югославия Республикасынын атын өзгөртүү боюнча жолугушуу өткөрүп, келишимине кол коюшкан.

Республиканын атын өзгөртүү боюнча мыйзам кабыл алынса, Скопьеге НАТО жана Евро Биримдигине жол ачылат.

Пикир

Оставить комментарий