• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Макгрегор – Серроне беттешинин билеттери бир күн ичинде толук сатылып кетти

Спорт 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Абсолюттук мушкерлер чемпионатындагы (UFC) Конор Макгрегор менен Дональд Серроне беттешинин билеттери бир күн ичинде толук сатылып кетти. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт билдиргенин журналист Кевин Айол өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты.

Бир күн ичинде сатылган билеттердин жалпы суммасы болжол менен 10 миллион долларды түзгөн.

Беттеш 18-январда Лас-Вегас шаарында UFC 246 мелдешинде өтөт.

Конор Макгрегор акыркы жолу октагонго 2018-жылы 6-октябрда чыгып, россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган. Ирландиялык мушкер 21 беттешти жеңип, 4 кармашта жеңилүүгө учураган.

Ал эми Серроне 2016-жылдан бери беттештерге жарым орто салмакта катышып келүүдө. Анын акыркы атаандашы америкалык Джастин Гэтжи болуп, ага утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий