• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Макгрегорду туураган кызматкер коопсуздук техникасынын эрежелери тууралуу тестти ийгиликтүү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Мушкер Конор Макгрегордун басканын туурап мамыга чыккан “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун кызматкери Адилет Асанбеков кечээ, 22-ноябрда ишкананын борбордук комиссиясында коопсуздук техникасынын эрежелери тууралуу билимин оозеки текшерүүдөн жана компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу “Түндүкэлектрдин” басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, ноябрдын башында “Түндүкэлектр” ААКтын электриги Конор Макгрегордун басканын туураганы чагылдырылган видео интернетке киргизилип, кызуу талкууга алынган.

Ал коопсуздук техникасынын эрежелерин бузган. “Түндүкэлектр” эреже бузгандыгы үчүн кызматкери Адилет Асанбековго карата дисциплинардык мүнөздөгү чараларды көрүп, анын коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча билимин кезексиз текшерүүнү дайындаган.

Пикир

Оставить комментарий