• 84.75
  • 102.96
  • 1.14

Макгрегордун басыгын туураган "Түндүкэлектрдин" кызматкери жазаланды

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Конор Макгрегордун басыгын туурап карагайга чыккан “Түндүкэлектр” ишканасынын кызматкери жазаланды. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, жумушчу техникалык коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн ага жана анын жетекчисине тартиптик жаза колдонулган. Андан тышкары алардын электр жабдууларын колдонуудагы техникалык коопсуздук эрежелери боюнча билими текшерилет.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда мушкер Конор Макгрегордун басыгын туурап электр карагайына чыккан адамдын тасмасы тараган.

Пикир

Оставить комментарий