• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Махмудов менен АКШлык балбандын беттеши жылдын мыкты кармашы деп аталды

Спорт 0


Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму жылдын мыкты беттештерин жарыялаган, ичинде Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун да аты бар. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында кабарланган.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык Акжол Махмудовдун АКШ мушкери Камал Амир Бей менен кармашы эң мыкты деп аталган. Мушкерлер 77 килограммага чейинки салмак категориясында күрөшүшкөн.

Эске сала кетсек, 18-сентябрда кыргызстандык Акжол Махмудов Словакияда өткөн жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.

Турнир Трнавда өтүп, анда кыргызстандык мушкер 77 кг чейинки салмактык категорияда беттешке чыккан. Кытайлык балбанды утуп, кийин АКШлык Камал Беейди 8:1 эсебинде жеңген.

Пикир

Оставить комментарий