• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Макмал" кенин иштетүүгө жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчү аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. "Кыргызалтын" 14-ноябрдан тарта потенциалдуу инвесторлордон "Макмалалтын" комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча сынакка катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алууну баштаган болчу. "Кыргызалтын" ишканасынан кабарлашкандай, жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр аныкталган.

Маалыматка ылайык, “Макмалалтын” Комбинаты” кеңсесинин базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча сынакка үч компания катышты: «Мансон Групп» жоопкерчилиги чектелген коому, «Шынкыйюан Фрунзе» жоопкерчилиги чектелген коому, «Центральноазиатская Металлком» жоопкерчилиги чектелген коому. 17-декабрда ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен «Мансон Групп» ЖЧКсы - 38,36 орточо балл алып, сынактын жеңүүчүсү аталган.

14-декабрда “Кыргызалтын” ААКнын башкы кеңсесинде конверттерди расмий ачуудан кийин катышуучулардын сунуштары менен таанышкан.

1 «Мансон Групп» жоопкерчилиги чектелген коому:

-компаниянын/түзүүчүнүн өзүнүн жеке каражатынын эсебинен, геологиялык чалгындоо иштерин кошо алганда 75 млн. АКШ доллар өлчөмүндө толук каржылоону сунуштады;

- Макмал долбоору боюнча 800 адам, тармактык эмес өндүрүштү эсепке алганда жалпы 1315 адамды жумушка орноштура алат;

- биргелешкен ишканага үлүштүк катышына карата сунушу:

«Кыргызалтын» ААКнын үлүшү - 30%;

«Мансон Групп» ЖЧКнын үлүшү - 70%.

- Алтын ылгоо фабрикасын (АЫФ) ишке киргенге/модернизация кылганга чейин жыл сайын 10 000 000 (он миллион) сом которууга, АЫФты ишке киргизген күндөн баштап Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна жыл сайын которулуучу сумма биргелешкен ишкананын жылдык дүң кирешесинин 2% түзөрүн сунуштады;

- Кенди чалгындоо иштерин, казуу жана кайра иштетүүдө заманбап жана экологиялык жактан коопсуз технологияларды колдонуу боюнча Комплекстүү иш чараларды жүргүзүү сунушталды;

Калкты жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана аймактын экономикасын өнүктүрүү максатында төмөндөгүлөрдү куруу сунушталды: Май куюучу бекет, дүкөн,кичимаркет, кафе, ярмарка, май куююучу бекет менен чогуу 2 кабатуу мотель, 3 кабаттуу туристтик мейманкана комплекси, сүт иштетүүчү завод,поликарбонат желим айнегинен күнөскана комплекси.

2 «Шынкыйюан Фрунзе» ЖЧК:

- компаниянын/түзүүчүнүн өзүнүн жеке каражатынын эсебинен 34 млн. АКШ доллар өлчөмүндө толук каржылоону сунуштады;

- АЫФты ишке киргизген күндөн баштап Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна жыл сайын которулуучу сумма биргелешкен ишкананын жылдык дүң кирешесинин 1,5% түзөрүн сунуштады;

- Макмал долбоору боюнча 500 адам, тармактык эмес өндүрүштү эсепке алганда жалпы 3000ге жакын адамды жумушка орноштура алат;

- биргелешкен ишканага үлүштүк катышына карата сунушу:

«Кыргызалтын» ААКнын үлүшү - 30%;

«Шынкыйюан Фрунзе» ЖЧКнын үлүшү- 70%.

Калкты жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана аймактын экономикасын өнүктүрүү максатында төмөндөгүлөрдү куруу сунушталды:

Спорттук курулуштар, асфальт-бетон заводу, бышкан кирпич заводу, жашылча-жемиш өстүрүү боюнча күнөскана, тоок фабрикасын куруу, Казарман кыштагын суу менен камсыз кылуу тутумун оңдоп түзөө, борбордук канализацияны жана жылытуу системасын калыбына келтирүү, откана куруу.

3 «Центральноазиатская «Металлком» ЖЧК:

- компаниянын/түзүүчүнүн өзүнүн жеке каражатынын эсебинен 69 млн. АКШ доллар өлчөмүндө толук каржылоону сунуштады;

- АЫФты ишке киргизген күндөн баштап Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна жыл сайын которулуучу сумма биргелешкен ишкананын жылдык дүң кирешесинин 1,5% түзөрүн сунуштады;

- биргелешкен ишканага үлүштүк катышына карата сунушу:

«Кыргызалтын» ААКнын үлүшү - 30%;

«Центральноазиатская «Металлком» ЖЧКнын үлүшү - 70%.

- 1000 адамга чейин жумуш орду менен камсыз кылуу;

Калкты жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана аймактын экономикасын өнүктүрүү максатында төмөндөгүлөрдү куруу сунушталды:

спорттук комплекстин курулушу, ирригация үчүн суу каналдарын куруу, кум калдыктарынан курулуш материалдарын чыгаруу боюнча өндүрүш (кыш, кум тосмо, таманташ), сүттү кайра иштетүү заводу, жашылча-жемиш өстүрүү боюнча күнөскана, райондун жашоочуларына социалдык жардамдар, ишканадагы жергиликтүү жумушчуларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу.

17-декабрда ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен «Мансон Групп» ЖЧКсы - 38,36 орточо балл алып, сынактын жеңүүчүсү болду. Ал эми

- Центральноазиатская «Металлком» ЖЧКсы - 34,14 балл;

- «Шынкыйюан Фрунзе» ЖЧКсы - 17,175 баллга ээ болду.

Сынактын жеңүүчүсү менен “Кыргызалтын” ААК 30 календардык күндүн ичинде (декабрь/январь) биргелешип иш жүргүзүү тууралуу инвестициялык Макулдашуу түзүлөт. Жеңүүчү Макулдашуу түзүүдөн баш тартса “Кыргызалтын” ААК катышкан кийинки Жеңүүчү менен макулдашуу түзүүгө укугу бар. Мындай учурда Жеңүүчүнүн кепилдик төлөмү сынакты уюштуруучу –“Кыргызалтын” ААК тарабынан кармалып калат, кайтарылып берилбейт.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 1-сентябрынан баштап “Макмал” кенинде инвесторго бергенге чейин алтын казуу иши убактылуу токтотулган. Анткени кен чыккан жердин минералдык-сырьелук базасы түгөнүп, андан ары иштетүү экономикалык жактан пайдасыз чыгашалуу болуп калган.

Ушуга байланыштуу кен чыккан жердин иштөө мөөнөтүн узартуу, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуу максатында “Макмалалтын” Комбинаты” филиалынын базасында биргелешкен ишкана түзүү үчүн сынак өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Макмал –Кыргызстандагы эң эски жана эң алгачкы кен чыккан жер. Ал 1986-жылы ишке берилген. Кенди казып алуу техникалык-экономикалык негиздемелерге ылайык он жылга эсептелген. “Макмалалтын” комбинаты филиалынын которулган каражаты Тогуз- Торо районунун бюджетинин 95%ды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий