• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Макмалалтын” комбинатынын” базасында биргелешкен ишкананы түзүү боюнча сынак жарыяланды

Экономика 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. “Кыргызалтын” ААК расмий түрдө 2018-жылдын 14-ноябрынан баштап потенциалдуу инвесторлордон “Макмалалтын” комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча сынак-тандоого катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алууну баштайт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сынакка катышуу боюнча табыштамалар 30 күн аралыгында (ноябрь-декабрь) “Кыргызалтын” ААКнын борбордук аппаратында кабыл алынат.

“Макмалалтын” комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүүгө укук берүүчү сынактын жеңүүчүсүн аныктоо үчүн негизги критерийлер:

- “Макмалалтын” комбинатынын филиалы долбоору боюнча жергиликтүү элге максималдуу түрдө жумушчу орундарын берүү;

- Кенди иштетүүдө экологиялык жактан коопсуз реагенттерди жана заманбап технологияларды милдеттүү түрдө колдонуу;

- кыска мөөнөттө жаңы алтын ылгоо фабрикасын ишке берүү же/жана мурунку турган алтын ылгоо фабрикасын модернизациялоо;

- Долбоорду каржылоо башка уюмдардан же банктан эмес, потенциалдуу инвестордун өзүнүн каражатынан болушу;

- Тогуз-Торо районун өнүктүрүү Фондуна жыл сайын салымдын өлчөмү ( биргелешкен коомдун дүң кирешесинен (түшкөн пайда) 1% кем эмес болушу керек);

- калкты жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү максатында тармактык эмес өндүрүштү уюштуруу (капиталдык салымдын суммасына жараша);

-тоо кен казып алуу тармагында иш тажрыйбасынын болушу, анын ичинен башка өлкөлөрдө дагы.

Төмөнкү жактар сынакка катыша алат:

• Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;

• Чет өлкөдө катталган юридикалык жактар;

• Кыргыз Республикасынын жарандары - жеке жактарга, ошондой эле чет элдик жарандары болгон – жеке жактар.

Табыштамалар кабыл алынгандан кийин ведомстволор аралык комиссия тарабынан беш жумушчу күндүн ичинде сынактын жеңүүчүсүн аныктайт.

Сынактык комиссия конверттер ачылгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде сынактын катышуучуларынын сунуштарын карап чыгып, өз чечимин чыгарат.

Ведомстволор аралык комиссиянын курамына экономика минстрлигинин, КРнын мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, КРнын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, КРнын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин, Тоо кен-металлургдар кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын,Каргалык, Атай, Көк-Ирим, Сары-Булуң жана Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчылары жана “Кыргызалтын” ААКнын кызматкерлеринин өкүлдөрү кирген.

Пикир

Оставить комментарий