• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Макрон Францияда өзгөчө кырдаал жарыялады

Дүйнө 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдө өзгөчө экономикалык жана социалдык кырдаал жарыялады, - деп билдирет РИА новости.

Өлкө башчысы мындай чечимди “сары чыптамачандардын” нааразылык акциясынан улам кабыл алды.

Франция президенти акция убагында пайда болгон зомбулукка нааразы болду. Анын айтуусунда, мындай кылмыштарга эч кандай шылтоо жок.

“Биз баардыгыбыз саясатчылардын оюнун көрүп жатабыз. Алардын долбоорлору өлкөдө тынчтыкты бузуп, анархияны орнотууну көздөйт. Француздардын көбү келип чыккан нааразычылыкка кошулушу мүмкүн, бирок бул нааразылык салыктардан эмес глобалдык себептерден келип чыкты. Мен бул нааразылыкты адилеттүү деп эсептейм, бирок эч кандай нааразычылык полиция кызматкерлерин сабап, соода борборлорду жана имараттарды талкалоону актабайт”, - дейт Э.Макрон.

Президент белгилегендей, француз эркиндиги – ар бир адам өзүнүн оюн ачык айта алгандыктан, айткандан коркпогондуктан жашап келет. Франция иштеп, бактылуу жашоого мүмкүн болгон өлкө болуп калышы керек.

“Мен өкмөт менен парламенттен кийинки жылдан баштап өзүбүздүн кылган кызматыбызга жараша жакшы жашай ала турган өлкө куруу үчүн баардык күч-аракетин жумшоону суранам. 2019-жылдан тарта айлык акы 100 еврого көбөйөт”, - деди ал.

Макрондун берген убадаларынын ичинде мекемелер тарабынан өзүнүн кызматкерлерине бир жылдык бонусту төлөп берүү, 2 миң евродон аз пенсия алган пенсионерлерге социалдык камсыздандырууну жогорулатуу чечимин жок кылуу жана башкалар айтылган.

Эскерте кетсек, ноябрь айынын ортосунан баштап “сары чыптамачылар” аттуу ири нааразычылык акциясы өтүүдө. Акциянын катышуучулары адегенде, күйүүчу майдын баасын көтөрүүгө каршы чыгып, кийинчерээк өлкөдөгү социалдык абалга толугу менен нааразы болушкан. Массалык акция полиция кызматкерлери менен кагылышуулар, унааларды өрттөө, банктарды жана дүкөндөрдү талкалоолор менен коштолгон. Акциянын башынан тарта 4500гө жакын адам кармалган.

Пикир

Оставить комментарий