• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Макрон Мирзиёевди Парижге чакырды

Дүйнө 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Франция президенти Эммануэль Макрон Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамынын 27 жылдыгы менен куттуктады. Салтанат жыл сайын 1-сентябрда белгиленет. Мындан тышкары Макрон эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөө жолдорун талкуулоо үчүн Мирзиёевди Парижге чакырды.

«Франция менен Өзбекстандын жакындашуусун колдойм. Эки тараптуу соода жүгүртүүнү арттыруудан тышкары быйыл саясий диалог дагы бекемделет деп ишенем. Сизди Парижде боло турган расмий сапардын алкагында күтөм», – деп айтылат Франция президентинин куттуктоосунда.

Буга чейин өзбек ММКлары Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен Францияга октябрда барарын жазган.

Сапарды сапаттуу деңгээлде өткөрүү үчүн “жол картасын” бекитилген.

Июлда Парижде Өзбекстандын Франциядагы алгачкы соода үйү ачылган. Анын башкы максаты өзбек товарларын Францияга жана башка Европа өлкөлөрүнө таанытуу болуп эсептелет. Мындан тышкары Франция өзбек коону менен анарына киргизген чектөөлөрдү алып салган.

Пикир

Оставить комментарий