• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Макрон парламенттин үчтөн бирин кыскартууну сунуштады

Дүйнө 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Франциянын президенти Эммануэль Макрон парламент депутаттарынын үчтөн бирин кыскартуу ниетинде. Мамлекет башчынын пикиринде, мындай кадам парламентарийлердин чечимдерди тезирээк кабыл алып, зарыл болгон реформаларды жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берет.

Макрон ошондой эле армияны жаңылоо тууралуу ойлонуп жатканын да билдирди. Айтымында, бул Франциянын кызыкчылыктарын коргоо жана башка өлкөлөр менен эл аралык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн керек.

Француз президенти эгер парламент ушул жылдын ичинде керектүү реформалар үчүн добуш бербесе, анда жалпы элдик референдум өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Версалда өткөн кечээки салтанаттуу жыйынга Улуттук жыйындын 577 депутаты жана Сенаттын 348 мүчөсү чакырылган. Президенттин кайрылуусуна парламентти чогултуу — Франция үчүн жаңы саясий практика. Макрон мындай жыйынды жыл сайын өткөрүп турарын айтты.

4-июлда Улуттук жыйында Франциянын премьер-министри Эдуар Филипп министрлер кабинетинин ишинин программасын тааныштырышы керек.

Пикир

Оставить комментарий