• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Макрон Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Францияга чакырды

Саясат 0

Бишкек, 27.10.17 /Кабар/. Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы билдирди.

«Өзүмдүн атыман жана француз элинин атынан Сизге жылуу каалоо-тилектеримди жолдоого уруксат этиңиздер. Демократиялык шайлоодон кийинки Сиздин шайланышыңыз Кыргызстандагы прогресс жана бакубаттуулук мезгилине жол ачат деп үмүттөнөм. Франция өзүнүн европалык өнөктөштөрү менен биргеликте Сиздерге бул багытта жардам берүүгө даяр. Буга 25-октябрда Бишкекке француз ишкерлери жана инвесторлордун келүүсү жана ноябрдын аягына пландаштырылган эки тараптуу консультациялар күбө. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эң сонун мамилелерди бекемдөө максатында жана ошондой эле тынчтык жана коопсуздукка байланыштуу жалпы маселелерди Сиз менен талкуулоо үчүн өз кезегимде Сизди мүмкүнчүлүгүңүз пайда болоор менен Парижден тосуп алууга бактылуу болот элем. Улуу-урматтуу шайланган Президент мырза, менин Сизге болгон эң жогорку даражадагы сый-урматымды кабыл алып коюңуз», - деп куттуктоо телеграммасында Эммануэль Макрон белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий