• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Максат айылындагы мектепти калыбына келтирүү иштери план боюнча жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылындагы мектепти калыбына келтирүү боюнча капиталдык оңдоо иштери толук кандуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт, архитектура жана курулуш жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда мектептин ичинде жабыркаган дубалдардын шыбактарын бузуу жумуштары аткарылып, жарабай калган эшик-терезелердин демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, мектептин 2-кабатындагы дубалдарынын жасалгалоо жумуштары аягына чыгып, 1-кабатында ички жасалгалоо жана полдорду орнотуу жумуштары жүргүзүлүүдѳ.

Белгилей кетсек, аталган объекттеги оңдоо иштери 2021-жылы 18-майдан башталган, анда республикалык бюджеттен капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 15 млн сом өлчөмүндө каржылоо каралган.

Мектептин ремонтун үстүбүздөгү жылдын 10-августуна чейин бүткөрүү пландалууда.

Эске салсак, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылындагы орто мектеби 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек-арасындагы коогалаңынан зыян тарткан социалдык объекттердин катарына кирген.

Пикир

Оставить комментарий