• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Максатбек Койчуманов: Мигранттардын каражаты максаттуу колдонулса

Экономика 0

Кыргызстандын ИДПсынын 35% башка мамлекеттерде эмгектенип жүрүшкөн мигранттардын каражаты түзөт. Ошол эле учурда мигранттар которгон каражаттар канчалык туура пайдаланылып жатат деген суроо бар. Мигранттардын 79% айылдан чыккан адамдар. Айрым маалыматтар боюнча ар бир мигрант Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө жылына болжол менен 2,5 миң доллар акча салаары айтылып жүрөт. Ушул маселе боюнча Ага хан фондунун кызматкери Максатбек Койчуманов төмөнкү суроолорго жооп берди.

-Мигранттардын салган акчасы бияктагыларга жетиштүүбү? Мигранттардан дайыма акча талап кылуу аларды ошондой эле абалда калтырып койбойбу?

- Менин жеке оюмда, чет өлкөдө эмгектенип жүргөн адамдарды эки категорияга бөлүүгө болот. Биринчиси, ошол жактан тапкан акчасын туура, эффективдүү колдонуп, тапкан каражатын айыл жергесине инвестиция кылып, чакан бизнес ачкан адамдар бар. Сөзүм куру болбос үчүн, мисалдарды айта кетейин. Ош облусунун Ноокат районунда жашаган 42 жаштагы адам бар. Ал миграциядан кайтып келип, өз айылына үч жарым гектар жерге Түркиядан жарым карлик алма бактардын көчөтүн алып келип отургузган. Ал жерди тамчылатып сугаруу системасы менен иштеткен. Ошентип, чет жерден тапкан каражатын айылына инвестиция салып, өзү да киреше таап, айылдагы жаштар үчүн жумушчу орундарын түзгөн.

Ал эми экинчи категориядагы мигранттар бар, алар дагы мээнет менен акча табышат. Бирок ал каражаттар натыйжалуу эмес багыттарга жумшалып кеткен учурлар көп. Мисалы, алар ар кандай иштерге, той-топурларга жумшап жатышат. Менин оюмча, аларга жакшы багыттарды көрсөтүү зарыл деген ойдомун.

-Той-топур деп калдыңыз. Ушул маселеде сын-пикир арбын. Көп эле учурда бияктагы ата-энеси мигрант балдарынан алган каражатты той-топурга, шеринеге короткон учурлар кездешет.

- Абдан туура белгиледиңиз. Мигранттар тапкан каражаттарды сиз айткан багыттарга жумшаган учурлар абдан эле көп. Андай нерселерге жумшалган акча капиталга айланбайт. Капитал бул киреше алып келген багыт. Ал эми тапкан каражатын той-топурга жумшаган учурда адам өнүкпөй, улам тапканын утуру жоготуп, бир жерден жылбай калат. Ошондуктан муну комплекстүү карап, акырындан ушул көрүнүштү жоюуга аракет кылышыбыз керек.

Дагы бир мисал келтирип кетсем, Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган 33 жаштагы айым Москвада булгаарыдан сумка тиккен цехте көп жыл иштептир. Ал жаңы нерсени тез үйрөнгөн адам экен, каражат топтоп, ошол жерден жаңы технологияны көрүп, өздөштүрүп келип өз айылына ошондой цех ачкан. Өзү гана киреше таппастан, айылдаштырына да жумуш орун түзүп берген. Андан тышкары, ошол жердеги муктаж үй-бүлөнүн кыздарына кесип үйрөтүп, аларды киреше табууга үйрөткөн учурлары да бар.

Азыр Түштүк Кореяда да көп улан-кыздар мигрант болуп жүрүшөт. Жеке өзүм тааныган Кара-Суу районунун Озгур айылынын тургуну Түштүк Кореяда көп жыл миграцияда эмгектенип келген. Ошол жактан тапкан кирешесинен Ош шаарында тигүү цехин ачкан. Тигүү цехи аркылуу өз үй-бүлөсүн гана бакпастан, жумушчу орундарды да ачкан. Менин оюмча, миграциянын кыйынчылыгы менен кошо жакшы жагы да бар. Анткени Түштүк Кореядан жакшы технологияны, тажрыйбаны үйрөнүп, акча каражатын туура колдонгонго көнүгүп, азыр Ош шаарында кирешелүү чакан бизнести жетектеп жатат.

- Мигранттар кыйынчылык менен тапкан каражаттарды бияктан жакындары туура эмес пайдаланган учурлар да арбын. Бул маселени кантип чечүүгө болот?

- Чындыгында бул абдан орчундуу маселе. Ушул маселени чечүү же жумшартуу багытында пандемия учурунда 3 ай бою 3 облустун айылдарындагы 377 улан-кыздарды ишкердикке онлайн окуттук. Ал жерде ишкердиктин эң маанилүү багыттары боюнча окутуулар бекер болду. Азыр ошондо окугандардын 97си өздөрү чакан ишкерлик иштерин башташып, үй-бүлөсүн багуу аракеттерин кылып жатышса, ал эми жакшы иштегендери бир-экиден жумушчу орундарын да камсыз кылышты. Ишкердикке окутууну жаштар абдан жакшы кабыл алышты. Ошон үчүн ишкерлик кылып каражат табабыз деген жаштардын саны өсүүдө.

Бул боюнча эки багытта иш алып барууну туура көрөм: биринчиси, эмгек рыногуна керектүү көндүмдөргө окутуп, жаштарды даярдоо. Экинчиси, ишкерликке шыгы бар, бизнес кылам деген балдарды окутуп даярдап, такшалтып туруп, аларга жабдууларды берип, өз үй-бүлөсүнө киреше табууга жана айылдагы жаштарга жумуш орун түзгөнгө шарт түзүп берүү зарыл. Ушундай эки багыттагы иштер азыр жүрүп жатат.

Менин оюмча ийгиликтүү кейстерди тандап, эмгек мигрантарынын өзү эле эмес, алардын ата-энелерине түшүнүктүү жакшы кейстерди көрсөтүп, бардыгына таратыш керек. Бара-бара алардын дагы ой пикири өзгөрөт деген ойдомун.

Пикир

Оставить комментарий