• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Максим Гордеев кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан чыгат

Спорт 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Пекинде өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан лыжа тебүүчү Максим Гордеев катышарын Улуттук олимпиада комитети (УКК) билдирди.

Гордеев Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери, Лыжа спорту боюнча эл аралык федерациясынын (FIS) колдоосу астында өткөн үч дүйнөлүк чемпионаттын, эки кышкы универсиаданын катышуучусу.

Олимпиадага Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамында Максим Гордеев менен Игорь Борисовдон (машыктыруучу) тышкары миссиянын жетекчиси, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева да болот. Оюндарга Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен КР УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев барат.

Пекинде кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий