• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Максим Гордеев кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде туу көтөрүп чыкты — видео

Спорт 0


Бишкек, 04.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Пекиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде өлкөнүн туусун көтөрүп чыкты.

Олимпиаданын ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров дагы катышууда.

Белгилей кетсек, Олимпиадага Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамына Гордеевдин машыктыруучусу Игорь Борисов, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева, Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен КР УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев кирген.

Олимпиада оюндарынын ачылышын КТРК, КТРК Спорт, Ала-Тоо 24 каналдары түз алып көрсөтүүдө.

Кыргызстандын атынан кышкы оюндарга лыжа тебүү спортунан Максим Гордеев гана катышат. Ал 16-февралда күчүн сынайт.

Максим Гордеев лыжа тебүү спорту боюнча Кыргызстандын чемпиону жана эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга татыган.

Эскерте кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февралда Кытайдын Пекин шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий