• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Максутов Баткен облусундагы эпидемиологиялык абал туурасында айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда сутка ичинде коронавирусту 16 адам жуктурду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, жаңы катталган учурлардын 15и коронавирус, бирөө пневмония менен ооруп калган.

"Облус аймагында жалпы 2 миң 336 адам коронавируска кабылды. Алардын 1 миң 371инде коронавирус, 965инде пневмония аныкталган. Айыккандардын саны 2 миң 55ти түзөт. Учурда 84 адам дарыланууда. Анын ичинен 24ү оор, бирөө өтө оор абалда", - дейт ал.

Максутов Баткенде аталган илдеттен 61 адам каза болгонун айтат.

Пикир

Оставить комментарий